Бүгүн, 1-июлда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду президенттикке көрсөтүү боюнча курултай өтүп жатат. Иш-чарага өлкө аймактарынан келген делегаттар, фракция мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү жана башкалар катышууда. Курултайга парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен"), Иса Өмүркулов (КСДП), Канат Исаев ("Кыргызстан"), саясатчы Феликс Кулов, мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, акыйкатчы Кубат Оторбаев да келди. Бул курултайда быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого фракция лидери Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.