ЖЫЛНААМА, 1-ИЮЛЬ: Ханбийке Диана көзү тирүү болгондо 56 жашка чыкмак

Уэльстин ханбийкеси же леди Диана көзү тирүү болгондо бүгүн, 1-июлда 56 жашка чыкмак. Ал 1961-жылы Англияда граф Жон Спенсердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Диана Френсис Спенсер. 6 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, агасы менен атасынын колунда калышат. "Жаңы Англия" аттуу окуу жайда окугандан кийин Францияда бир нече жыл жашаган. Ал жерден психологдун окуусун окуп, мугалим болуп иштеген. Англиянын 21-ханзаадасы Чарльз менен дал ошол жерден таанышат. Өзүнөн он эки жаш улуу Чарльз менен төрт жыл жакшы мамиледе жүрүп, 1981-жылы 29-июлда баш кошушкан. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильям, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашышкан.

Ал эми 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй автоунаа менен келе жаткан ханбийке жана анын досу ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз жол кырсыгына кабылып, өмүр менен кош айтышкан. 1-8-сентябрь аралыгында Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон сарайларында Диананын элесине арналып жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Гүлдөр каргашалуу кабар тарагандан тарта эле алынып келине баштаган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуулар жазылган китептердин саны 43кө жеткен.
1997-жылдын 6-сентябрында акыркы сапарга узатуу салтанатын көргөндөрдүн дүйнө боюнча саны 2,5 миллиард адамды түзгөн. 36 жашында көз жумган Диананын сөөгү Нортгемптонширге коюлган.

1-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан