Хэппи-энд менен бүткөн сүйүү. Лионель Месси бала кездеги сүйүктүүсүнө үйлөндү

Дүйнөлүк футбол спортунун жылдызы, белгилүү аргентиналык футболчу Лионель Месси кечээ, 30-июнда үлпөт тоюн өткөрдү. 30 жаштагы футболчу эки уулдун энеси болгон сүйүктүүсү Антонелла Рокуццо менен расмий никеге турду.

250дөй конок чакырылган түгөйлөрдүн үлпөт тоюндагы коопсуздуктү жүздөгөн күзөтчүлөр камсыздап, тойду чагылдырууга 150дөй журналист катышкан. Футболчунун кубанычын теӊ бөлүшүү үчүн "Барселонанын" оюнчулары: Неймар, Луис Суарес, Жерар Пике аялы ырчы Шакира менен келишкен.

Кызыгы, кечеге Месси менен бир кезде чогуу иштешкен Диего Марадона, Хосеп Гвардиола жана башка машыктыруучулар чакырылган эмес.

Белгилей кетсек, Месси Антонелла Рокуццо менен бала кезинде таанышкан. Кичинекей Лео анын бир тууган агалары менен футбол ойноп чоңойгон. 2012-жылы алардын тун уулу төрөлгөн. Ата-эне ага Тьяго деген ысым ыйгарган. 2015-жылы экинчи уулу төрөлүп, Матео деген атты коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
tyrgon
2017-07-01 12:56:49
уйлонуп ажырашып эле жатышат
-4
Kanybek121195
2017-07-01 12:59:16
Бактылуу болгула мен реалдын болельщиги болсомда мен учун еки футболист бар булар Месси менен Роналду.
+7
malikkkg
2017-07-01 21:08:01
Kanybek121195,красавчик
0
dastan_nookat
2017-07-01 13:02:41
Бактылуу болгула
+4
Patriot7
2017-07-01 13:21:06
Буларда акмак жашоо, жарандык никеде кааласа 1-2 кун, кааласа 10-20 жыл жашап ажырашып кете беришет, корунгондон бала арттырып, кукук болуп...

Же жарандык никеде журуп журуп, балдары оноюп неберелуу болоюн дегенде расмий никеден отушот, кой эми баш кошпосок болбой калды деп...
+5
Samina007
2017-07-01 13:37:15
Айылдашын эле алыптырда
+9
Dybala.
2017-07-01 14:41:44
Бир жолу кутуп турбаптырда уулунун тоюн кошуп откузот эле
+1
aszyma
2017-07-01 18:00:58
Мунун да койногу Нихандын койногуго окшошпу?
0
BakytAliev
2017-07-01 21:37:05
aszyma,ошо ниханынан тойгозду адамды
+4
asi.gulum
2017-07-02 17:43:47
BakytAliev,неге тойгозот?
-1
Basko94
2017-07-02 19:36:44
Кубанычтамын! Мындан ары да бактылуу жашашсын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан