Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн БШКга арыз берди

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер катары катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу кечээ, 2-июлда аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди. 1-июлда элдик курултай өтүп, Бабанов өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катыша турганын билдирген.

Эске салсак, буга чейин БШКга арыз бергендер: Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Камила Шаршекеева, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Талантбек Масадыков жана Бакыт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан