Президенттик шайлоого талапкер болорун билдирип, 4-июлга карата БШКга 15 адам документ тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.
13 талапкер президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Алар:
- Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы;
- Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Арстанбек Абдылдаев, “Аурдин” ишканасынын директору;
- Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
- Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;
- Бакыт Дегенбаев, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
- Сайнидин Султанидинов, Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү;
- Камила Шаршекеева, Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;
- Талантбек Масадыков, эл аралык эксперт;
- Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Замира Муратбекова, пенсионер;
- Санжарбек Энназаров, убактылуу жумушсуз;
- Сагынбек Абдрахманов, "Сүймөнкүл Чокморов" коомдук фондунун төрагасы.
Ал эми эки талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлдү:
- Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясынын лидери;
- Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери.