Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын президенти менен канцлерине көңүл айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 4-июлда Бавариядагы жол кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге жана канцлер Ангела Меркелге көңүл айтты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, өлкө башчысынын көңүл айтуусунда: "Адамдардын каза болушуна жана көп адамдардын жабыр тартышына алып келген Бавариядагы жол кырсыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул кырсыктын кесепетинен улам каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ошондой эле жабыр тарткандардын баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп айтылат.

Эскерте кетсек, 3-июль күнү Баварияда автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, күйүп кеткен. Автобустун ичинде бараткан эки айдоочуну кошкондо 48 адамдын 30у жабыркап, ооруканага жиберилсе, 18 адамдын каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан