Кечээ, 5-июлда Венесуэлада өкмөттү колдогон күчтөр парламенттин имаратына кол салып, бул жаңжалдан бир канча адамдар, алардын ичинде депутаттар ар түрдүү жаракат алышты. 7 депутат ооруканага кайрылып алардын бешөө дарылануу үчүн жаткырылгандыгы кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Белгилей кетсек, мыйзам чыгаруу жыйыны учурда оппозициячыл күчтөрдүн көзөмөлүндө. Жаңжал башталганга чейин депутаттар Венесуэланын көз карандысыздыгын белгилөөнү талкуулоо үчүн чогулушкан.
3-июль күнү да өлкөдө абал чыңалып, бийликчил жана оппозициячыл күчтөрдүн кагылышынан 90 адам мерт кеткен. Өлкөнүн Башкы прокурору Луиса Ортега Диас дагы 4500дөн ашык жаран ооруканада жатканын айтты.
Өлкөдө саясий абал оор бойдон калууда. 30-июлда бийлик системин, Конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө багытталган референдумду белгилөө боюнча жыйын өтөт. Оппозиция учурдагы президент Мадурону мыйзамсыз ыйгарым укуктарынан аша чапкан жана өлкөнү социалдык-экономикалык каатчылыкка алып келди деп айыптап келет.
Эске сала кетсек, Венесуэлада соттордун отставкасын жана мөөнөтсүз президенттик шайлоону жарыялоо талабы менен 3 айдан бери митингдер өтүп келет.