Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 9-июлга караган түнү Лас-Вегаста UFC'нин чемпиондук курун жеңүү үчүн бразилиялык Аманда Нуньес менен беттешет. Мушкер: "Бул беттеште чемпион аталышым керек. Жеңишке ишенем жана буга жетүү үчүн мекендештеримдин колдоосу абдан маанилүү", - дейт.
Тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси мекендешибиз Валентина Шевченконун бул ийгиликтерге карай басып өткөн жолун “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№766, 7-июль, 2017-жыл) окуңуз.