Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жана Балыкчы шаарынын аймагындагы көлдүн жээгинен жалпы узундугу 600 метрди түзгөн 6 эски балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, торлор мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана суу коргоо максатында өткөрүлгөн рейд учурунда алынды.
Министрлик мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын кошумчалады.