Социалдык тармактарда жаш кызды эки беткапчан бала коркутуп, сумкасы менен телефонун тартып алган учур тартылган видео тараган. Бул окуя кайсы жерде болгону тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ички иштер министрлиги маалымат берди.
Ага ылайык, аталган видео Аргентина өлкөсүндө тартылган. Анын Кыргызстанга, анын ичинде Бишкек шаарына эч кандай тиешеси жок экени маалыматта кошумчаланды.