Өлкөнүн жоопкерчилигин Өкмөт башчыга же президентке жүктөө үчүн референдум өткөрүү сунушталууда

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов өлкө үчүн президент же Өкмөт башчы жооптуу болушу керектигин айтты. Ал келечекте мындай демилге менен референдум өткөрүүнү президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерге сунуштап жатканын кошумчалады.

“Бүгүнкү жол менен кетсек, өлкө үчүн жоопкерчилик тарта турган адам жок болуп калышы мүмкүн. Премьер-министр же президент экөөнүн бирөөсү сөзсүз мамлекет үчүн жоопкер болууга тийиш. Мен талапкерлер менен жолукканда да бул маселени референдумга коюуну сунуштап талкуулап жатам”, - деди Кулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан