Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматты өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Сүйлөшүү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында CASA-1000 долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинин алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга паспорт берүү көйгөйүн чечүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал Ооганстандын бийлигине 2016-жылдын октябрында оогандык кыргыздарга гуманитардык жардам жүгүн жеткирүүдөгү жардамы үчүн да ыраазычылыгын айтты.
Премьер-министр кыргыз тарап CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашырууга ар тараптуу кызыкдар экендигин айтты. Аталган долбоорду ишке ашыруу аркылуу Ооганстан аймактык энергосистемге кошуларына ишенимин билдирди. Ашраф Гани CASA-1000 долбооруна катышкан өлкөлөр менен энергетика тармагында жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө, анын ичинде "Таза Коом" долбоорунун алкагында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.
"Биз тарап Кыргыз мамлекетинин аталган долбоорду ишке киргизүү боюнча демилгесине чын ниеттен колдоо көрсөтөт", - деп белгиледи Ооганстандын мамлекет башчысы. Ошондой эле Ашраф Гани билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүнү сунуштап, ооган студенттеринин Кыргыз жериндеги жогорку окуу жайларында түрдүү адистиктер боюнча билим алып жатканын белгиледи.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков учурдан пайдаланып, Ооганстан Республикасынын президенти Ашраф Ганини ушул жылдын 25-августунда Кыргыз жеринде өтүүчү ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк II форумга чакырганын билдирет маалымат кызматы.