Астанада 4-5-июль күндөрү өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи туру ийгиликсиз аяктады. Тараптар Сириядагы согуштук аракеттер басаӊдаган аймактарды талкуулоодо тил табыша алган жок.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Орусия, Түркия, Иран биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, август айында согуштук аракеттер азайып калган аймактарды аныктоочу жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Сирия өкмөтүнүн негизги сүйлөшүүчүсү Башар Жаафари сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай калышына Анкараны айыптады.
“Түркия бул процессте терс саясат жүргүзгөнүн ачык эле көрүп турдук. Анткени түрк делегациясы согуштук аракеттер азайган аймактар боюнча макулдашуулар каралган бардык келишимдерге каршы болду”, - деди Жаафари.
Эске сала кетсек, Сириядагы абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен башталган. Сүйлөшүүлөр Астанада жыл башынан бери 4 жолу өттү.
Учурда Сириянын Ракка шаарын баскынчылардан бошотуу операциясы жүрүүдө. Ракка шаарын мындан 4 жыл мурун өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террористтик топ басып алып, өздөрүнүн борбору деп жарыялаган. Жүз миңдеген жашоочулар барымтада калган. Аймакты ээлеп алган 2500 баскынчы жарандарды тирүү тосмо катары пайдаланып баш калкалап келет. Буга чейин аталган шаардан 190 миң жаран үй жайын таштап чыгып кеткен.
Бириккен Улуттар Уюму өткөн айда Ракка шаарында 170 адам каза болгонун кабарлаган.