"Бишкектеги Көк-Жар конушунда электр мамысы менен электр чубалгылары кооптуу абалда турат. Ага жакын жерлерде жаш балдар мал кайтарып жүрүшөт. Катуу шамалдын кесепетинен жыгылып кетсе ары-бери өткөн адамдарга зыяны тийиши толук мүмкүн. Качан кулап кеткенде оңдош керекпи? Кырсыктын алдын алса жакшы болмок", - дейт бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.