Кыргыз мамлекети менен Грузиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 25 жыл толду. Буга байланыштуу эки өлкөнүн мамлекет башчылары куттуктоо телеграммалары менен алмашканын президенттик аппараттан кабарлашты.
Алмазбек Атамбаев өз куттуктоосунда бул аралыкта эки өлкө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну жөнгө салып, өз ара аракеттенишүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө жетишкенин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев Кыргыз тарап өз ара кызыгуу туудурган бардык чөйрөдө кызматташууну активдештирүүгө толук даяр экендигин кошумчалап, Грузиянын президентине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми грузин элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Президент Георгий Маргвелашвили өз куттуктоосунда кыска мезгилдин аралыгында Кыргыз мамлекети менен Грузия эки тараптуу деңгээлде дагы, эл аралык аренада дагы өз ара пайдалуу өнөктөштүккө чейин жетише алгандыгын белгиледи.
Георгий Маргвелашвили Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.