Мадумаров-Ташиев-Келдибеков үчилтигинин тагдыры белгилүү болду

Бишкекте 11-июлда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайы өтүүдө. Анда президенттикке Адахан Мадумаровдун талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө. Жыйынга катышкан саясатчы Ахматбек Келдибеков Ташиев-Мадумаров-Келдибеков үчилтигинин тагдыры эмне болгонун ачыктады.

"Бизди бөлүүгө башынан эле аракеттер болду. Бардык маселени сүйлөшүү жолу менен чечип келебиз. Бүгүнкү курултай болору да 1,5 ай мурун эле чечилген. Мадумаровдун тарыхта өз орду бар, дайыма чындыкты айтат. Адилетсиз бийлик менен күрөшүү аркылуу жеңишке жетебиз деп чечтик. "Бүтүн Кыргызстандын" делегаттары Адахан Мадумаровдун талапкерлигин колдоп бересиздер деп ишенем. 18-июлда "Ата Журт" партиясынын курултайы өтөт. Буюрса, ал жерде Адахан Кимсанбаевич да сөзүн айтат", - деди Келдибеков.

Курултайда "Ата Журт" башка талапкер чыгарабы? "Бүтүн Кыргызстандын" курултайына конок катары катышкан Келдибеков курултайдан кийин бул суроону жоопсуз калтырды.

Муну менен 2016-жылы түзүлгөн Ташиев-Мадумаров-Келдибеков тандеми шайлоого жалгыз талапкер чыгарбайт деген пикирлер күчөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан