Президент Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү долбоору боюнча макулдашууну ратификациялады

Президент Алмазбек Атамбаев “Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты кубаттуулугу 120 мегаватт Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү жолу менен иштеп чыгуучу кубаттуулукту арттыруу. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Камбар-Ата ГЭС-2 кубаттуулугун 240 мегаваттка чейин жеткирүү күтүлүүдө.

Президенттин маалымат кызматы мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кире турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан