Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-июлда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Эрлан Абдылдаев жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына жакында Австрияда өткөн ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин бейформал конференциясына катышуусунун жыйынтыктары туурасында маалымат берди. Мындан тышкары Уюмдун катышуучу мамлекеттеринин делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыктары туурасында айтты.

Кыргыздын чет элдик негизги өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн маанисин айтып, президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына артыкчылык берүү менен, тышкы саясий багытты мындан ары ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан