Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясынын ичинде өзгөрүү болушу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда аталган партиянын курултайында билдирди.
Ал партиянын ичинде бөлүнүү болбогонун белгиледи. Ошондой эле ал башка партияларда президенттикке татыктуу талапкер бирден гана бар экенин билдирди. Ал эми КСДПда талапкерлер боло ала тургандар көп деген оюн кошумчалады. Ошол эле учурда президенттикке ат салыша турганын жашырган жок.
Курултайда отургандар Чыныбай Турсунбековду регламентти сактабай, узун сүйлөп жатканынан кол чаап, сөзүн бөлүүгө аракет кылышты. Бирок Турсунбеков өзүнүн сөзүн улантып, анын позициясы партиянын, президенттин позициясына каршы келбей турганын билдирди.
Мындан тышкары партиянын жаштар канатынын лидери катары өзүн тааныштырып жүргөн Ренат Самудинов курултайга "тизмеде жок" деген негизде киргизилген жок. Партиянын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов журналисттердин Самудинов тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып Самудинов курултайга делегат катары шайланбаганын билдирди. Эмнеден улам шайланбаганын айткан жок.
Самудинов буга чейин партиянын ичинде бир нече адам президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жатканын билдирип, талапкерди праймериз (ред. партиянын ичиндеги шайлоо) жолу менен көрсөтүү керек экенин сунуштаган.
Партиянын катчылыгы Ренат Самудинов болобу же башка бирөөбү КСДПнын жаштар канатынын “лидери” статусун өзүнө ыйгарып алууга укуктуу эмес экенин билдирген. Бирок Самудинов 2007-жылы партиянын жаштар канатынын лидери болуп расмий шайланганын билдирген.