Ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Акбулуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган эле.
Чехиялык интернет басылмалары "Liglass Trading CZ" Чехияда белгисиз компания экенин, ал компанияны Кыргыз тарапка Чехиянын президенти Милош Земан сунуштаганын жазып чыгышты. Бул тууралуу "Азаттык" жазды. Чехиялык aktualne.cz сайты жарыялаган "Кыргызстанга белгисиз чех компаниясы миллиарддаган суммага ГЭС курат" деген макалада "Liglass Trading CZ" компаниясынын 2014-жылкы чыгашасы кирешесинен ашып түшкөнүн, калган жылдар боюнча каржылык маалыматтары белгисиз экени баса белгиленет.
Ал эми Чехиянын өнөр жай министри Йиржи Гавличек Чехияда мындай компания бар экенин биринчи жолу угуп жатканын айткан. Чехия президентинин администрациясынан: "Бардык маалыматты кыргыз прессасынан окуп алгыла", - деген жооп узатканы айтылат макалада. Ал эми компаниянын башкы директору делген Йиржи Войтеховский компания Кыргызда ири долбоордун үстүндө иштеп жатканын ырастап, "коммерциялык сыр" деп кенен маалымат берген эмес.
Жогорудагы келишимге кол коюу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана аталган компаниянын директору Михаил Смелик катышкан.
Документтерге ылайык, чехиялык компания 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС, "Чоң Ак-Суу", "Орто-Токой-1", "Орто-Токой-2", "Киров" ГЭСтерин курганы жатат. Ал эми "Сандык-1", "Сандык-2", "Сандык-3" ГЭСтери 2020-жылдын аягына чейин курулат.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга орусиялык "Русгидро" компаниясы киришип, келишим орто жолдон үзгүлтүккө учураган. Бул долбоор боюнча Кыргыз тарапка 37 миллион доллар карыз илинген.