Иран президентинин иниси финансылык кылмыш жасаган деп шектелип камалды

Иран президенти Хасан Руханинин иниси Хосейн Ферейдун финансылык кылмыш жасаган деп шектелип камалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 17-июлда билдирди.

Маалымат жыйында соттун маалымат катчысы Мохсени Эжеи текшерүү ишинин натыйжасында башка адамдар дагы текшерилип, айрымдары абакта жатканын кабарлады. Анын айтымында, Хосейн Ферейдун кечээ, 16-июлда күрөөгө коё берилген, бирок анын шарттарын бузгандыктан абакка жиберилгени маалым болду.

Президенттин мурдагы жардамчысы Ферейдунду консерваторлор узактан бери финансылык кылмыштарга жана коррупцияга айыптап келишкен.

Январь айында ирандык депутаттар Ферейдундун ишин экономикалык кылмыштар боюнча сотко өткөрүп берүүгө чакырышкан. Айрымдар бул ишке саясий өңүт беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан