Туруктуу элдик кеңештин курултайында президенттик шайлоого Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги көрсөтүлөт

Туруктуу элдик кеңештин курултайында президенттик шайлоого Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда өтүп жаткан курултайда белгилүү болду.

Курултайга "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, тарыхчы жана саясатчылар катышууда. Учурда Азимбек Бекназаровдун өмүр баяны, буга чейин аткарган иштери тууралуу айтылууда.

Эске салсак, апрель айында өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген. Алардын максаты курултай институтун Конституцияга киргизүү. Ошондой эле аталган кеңеш паспорттогу "улуту" деген графаны алып салууга каршы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан