Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы башталды. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлери Ахматбек Келдибековдун жана Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө. Делегаттарга Келдибековдун өмүр баяны жазылган кагаз таратылууда.
Курултайга партия лидерлери Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, делегаттар, активисттер, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылар, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Бөдөш Мамырова, Эркингүл Иманкожоева жана башкалар катышууда.
2016-жылы саясатчылар Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибеков бириккенин жарыялашкан. Үчилтик президенттик жарышка жалгыз талапкер чыгара турганын билдирип, бирок ким талапкер болорун ачыктабай келди. 11-июлда Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" партиясы тарабынан президенттикке талапкер болуп бекитилген.