Камчыбек Ташиев да, Ахматбек Келдибеков да президенттикке аттанат

Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүүдө. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.

Келдибеков өлкө кандай өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтууда. Негизинен буга чейин Адахан Мадумаров айтып жүргөн сунуштарды кайталоодо. Жарандарды ыйманга чакыруу, чет жердеги Кыргыз мигранттарын мекенине кайтаруу, Жогорку Кеңешке шайлоону өзгөртүү, Конституцияны өзгөртүү жана башкалар. "Өлкөбүз парламенттик башкарууда деп айтылганы менен иш жүзүндө андай эмес", - деди Келдибеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан