Азимбек Бекназаров "Ата Журтту" президенттикке жалгыз талапкер чыгарууга чакырды

Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүүдө. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров "Ата Журтту" президенттик жарышка жалгыз талапкер чыгарууга чакырды.

"Мен жымсалдабай эле айтайын, президенттик орун бирөө эле. Экөөңөр тең татыктуусуңар, бирок бирөөң талапкерлигиңди алып салышың керек. Азырынча убакыт бар, ойлонуп көргүлө. Убагында силерге адвокат болуп, силерди жакшы билген адам катары кеңешим ушул. Керек болсо президент болом деген башкаларыбыз да ойлонушубуз керек. Ташиев менин инимсиң, Келдибеков күйөө баламсың. Экөөңөр тең таза кыргыздарсыңар. Мен силер мененмин", - деди Бекназаров.

Азимбек Бекназаров да 17-июлда Туруктуу элдик кеңештин жыйынында президенттикке талапкер болуп бекитилген.

"Биз деле жыйынды филармонияда өткөрөлү дегенбиз. Бирок "филармония бийликке же алайлыктарга гана берилет" деп коюшту", - деп тамашалады Бекназаров.

Курултай уланууда. Делегаттар сөз сүйлөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан