Шайлоого чейин Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков үчөөнүн бирөөсү гана президенттикке талапкер катары калат.
Бул тууралуу 18-июлда "Ата Журт" партиясынын курултайында журналисттерге Келдибеков өзү билдирди. "Бир программанын негизинде үчөөбүз тең баратабыз. Жети облустун губернатору, шаар мэрлери бар. Шайлоо алдында үчөөбүздүн тең эл аралап аракет кылганыбыз туура болот. Шайлоого жакын бирөөбүз эле калабыз го", - деди Келдибеков.
"Ата Журттун" талапкерлери башка саясий күчтөр менен биригиши мүмкүнбү?
Бул суроого Камчыбек Ташиев "биздин программаны колдогондор менен сүйлөшүү жүргүзүүгө милдеттүүбүз" деген жооп узатты.