Бишкекте 20-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен уюштурулган “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форуму” ачылат. Форум 21-23-июлда Чолпон-Ата шаарында уланат.
Бишкекте форумдун расмий ачылышында президент Алмазбек Атамбаев, Башкортостандын башчысы Рустем Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов жана Якутиянын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков чыгып сүйлөйт деп болжолдонууда.
Эл аралык форумдун алкагында 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунда "Алтай көчү" экспозициясынын расмий ачылышы күтүлүүдө. Борбордо 30 боз үй тигилип, Алтай тектүү элдердин турмуш-тиричилигин, улуттук көчмөн салттарын чагылдырган музей орун алат.
Чолпон-Ата шаарында форумдун иши секцияларда өтөт. Иш-чара декларация кабыл алуу менен аяктайт.