Бүгүн, 20-июлда экс-депутат Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары катышуу жөнүндө арызы Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Бул туурасында SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Садыр Нургожоевичтин президенттикке катышуу тууралуу арызы анын ишенимдүү өкүлү Муратбек Мамбеткулов тарабынан бүгүн БШКга тапшырылып, саат 12:05те кабыл алынды. Анын тапшырган документтери тиешелүү мыйзамдардын талаптарына жооп берет", - деди Токтосунов.
Эске салсак, Садыр Жапаров "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта. Бүгүнкү күндө козголгон кылмыш иши боюнча сот отурумдары өтүп жатат.