СУПЕРСТАН: "Жолдошум мен келгенче тамак жасап, үй шыпырып, кир жууп коёт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер үй жумушун кылса..." деген тема талкууга алынууда.

Темада автор мындай суроо салган: "Кыргыз үй-бүлөдө эркек кишинин кирди айтпай эле коёюн, идиш жууганын көрдүңүз беле? Баласынын жалаягын алмаштырганынчы? Ушул сыяктуу үй жумуштарын кылган эркек кишини көрсөк бизге бул өөн учурап, аялы кайда тентип жүрөт деген ой кетет. Аял киши баарына жетишип, чарчабашы керек дегендей ал роботпу же темирденби? Аялдын орду үйдө, ошондуктан ал аялзатына тиешелүү бардык жумуштарды жасаш керек. Баары эле ушинтип жашап келген, кайдагы батышты айтпагылачы дегендер бар. Бирок эмне үчүн кээде болсо да жубайына жардамдашып, бир күнү "кел, бүгүн тамакты мен жасап берейин" же эртең мененки тамактануудан кийин "өзүм эле жууп коём" дегенге болбойт? Анан түн ортосунда бала ыйласа туруп карап койгонго болбойт. Аялын түртүп "тур, балаң ыйлап жатат" деши керек? Дегеле бизде аялзатын канчалык сыйлашат? Алардын жүгү канчалык? Эркек кишиникичи?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Тамак бир күн жасаса болот. Бирок бир күн жасагандан кийин уланып көп күн жасап калып жүрбөйлү. Негизи кирди, идиш-аякты келинчегиң эле жууп койсо жакшы. Бала ыйлап калса келинчегиңден биринчи туруп сооротуп уктатып койсо болот. Жубайың жакшы уктаса күч топтоп, эртеси тамакты да ары бери жасайт, кириңди да "шапа-шупа" жууйт дегендей".

"Үй жыйноо, кир жуу үчүн чаң сордургуч, кир жуугуч машина бар, дагы эмне керек силерге? Мурунку апаларга миң мертебе рахмат. Азыркылардын келин деген аты эле болбосо, кыйратпайсыңар деле".

"Жалгыз жашап жүрүп көнүп деле бүттүм. Киримди өзүм жууйм, тамак жасап жейм, үй жыйнайм. Андыктан көнүмүш эле жумуштар. Мен эркекмин деп жатып ала тургандардан эмесмин. Аялым жетишпей жатса, өзүм деле кыла бермекмин, анын уяты жок. Эгер аялың иштебей үйдө отурса, бекер анан эмне кылмак, кыймылдайт да. Экөөң тең иштесең түшүнсө болот. Анан көпчүлүк келиндер күйөөсү экөө эле жашабайт, кайын журт менен бирге тургандар көп. Ошондой келиндерге жумуштан келип, үй жумушун кылуу кыйын эле болсо керек. Бирок түшүнүктүү, бардык оокатты келинге үйө бербеген жакшы үй-бүлөлөр да бар".

"Мен эски түшүнүк менен жашаган адам болсом керек. Менин байкем үйлөнүп алып, кир жууп, үй шыпырып, тамак жасап жүргөнүн көрсөм ичим өрттөнүп кетмек (жеңебиз ооруп калса башка кеп). Ошол сыяктуу эле болочоктогу жолдошумдун үй жумуштарына кийлигишүүсүн каалабайм. Аялдын орду үйдө, эркек жубайын дагы иштегенге мажбурлабай, ошол үй-бүлөнүн кем каржысын толуктай билиши керек".

"Жолдошумдан айланып кетсем аздык кылат окшойт. Жогорудагы аялга тиешелүү жумуштарды баарын жасайт. Күндө дебейм, бирок көбүнчө эле жардамдашып турат. Тамак жасап, үй шыпырып, мен үйдө жок болуп калсам кир деле жууп коё берет. Мен үйгө келгенде баары таптаза турат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-23 14:35:05
Суперстанга кирбеймин. Кирсем эл менен кырылып согуш болуп кетет. Бирок, мунун эркеги эркек эмей эле катын экен. Эми төрөгөндү үйрөнүп алса.. Лучше быть катын чем подкаблучником). А аялдын мээси жок экен. Эркектин мойнуна отурса жамбаш чоңоет. Эркекке баш ийсе төбө чоңоет. Кудай сактасын ушундай катындардан.
-9
AzKumFerDan
2017-07-23 15:59:32
TIMON_BERKOWITZ,кымбаттуум.соз эркектикте эмес Сүйүктүү күйүмдүү жар жубайлар тураалу кеп болуп жаткансыйт.Чын кир жууп идиш жууш эркектин иши эмес.Бирок башка түшсө барын кылса болот.Эгер аялыңды аяп турсаң.Албете күндө кылыш дегендик эмес,анда санда жетишпей баратса.бир аз жардамдашып турса эч жериң үзүлүп түшпөйт,Ал сенин сүйүктүү жубайын балдарыңдын мээримдүү энеси .
+6
sara90
2017-07-23 16:31:03
AzKumFerDan,туура айтасынар аялын сыйлагандыка кирет бул нерселер..шаарда кобундо шарт бар..а айылдык келиндерге кандай дейсинер эркектин ишин жасаган аял,келиндер толтура..чопко чыгып чомоло жасайт,сууну ташыган да озу эшек менен,жер басканыда келиндер..анда бул аялдардын эрлерин не дейбиз тамак ичип телик коруп приказды берип койгон эркектерди кордумго..айылдык келиндерге рахмат эле деш керек...балдарынын туйшугун айтпайле коёлу...
+8
aibi8984
2017-07-23 17:16:36
TIMON_BERKOWITZ,Ха ха
-2
Djal1987
2017-07-24 13:43:01
TIMON_BERKOWITZ,аялды сыйлабаган эркек эн кедей эркек
+2
ZHYRGAl1412
2017-07-23 14:35:31
Аялы туруп идиш кир жууган эркек эркек эмес и озу уйдо олтуруп аялын иштеткен эркектер да эркек эмес андайларга айтарым эркектик белгинердида алмаштырып эле алгыла бир жолу. Кыскасы аял уйдо эркек кочодо
-6
bars_wire
2017-07-23 16:02:03
Кызды же аялды жамандаганга келгенде укмуштап.создун гулдорун терип жамандайсынарда. Мухамед (с.а.в)Айша энебизге эч болбоду дегенде уйун шыпырышып жардамдашчу экен.зеериктим десе коргондун ичинде мойнуна которуп алып ойноп жаткан жаш балдарды корсотчу экен.желкеси талып болдубу тушосунбу десе жоок деп эркелеп.Аялга жардамдашсанар бир жеринер сынып кетпейт.оз уйун таштап силерди ээрчип баргандан кийин ага камкор.мээримдуу.сый болгула.аялзатын канчалык сыйласанар.андан 2эсе сый коросунор
+9
aibi8984
2017-07-23 17:22:12
Не дейбиз эми бул менин кыялымдагы жомок десем да болот, идиш аяк, кип пир, тамак аш кызыктырбайт, алып келип ыргытып коет жаса деп,айла жоооок кундо жасап жургон иш деп жасай берем.Соз кайтарсан уйдо кеечке не кылдын Жон эле отурасын дейт, анан унчукпайм.
+8
Benazir08
2017-07-23 19:30:26
Менин куйом иногда тамак кылат боюмда болгон кундон баштап бироонун тамагына талгаксын да.... ошого куйом жумуштан эрте келсе дымдама жасап берет
+6
ady-88
2017-07-23 20:42:40
Подкаблучниктердин шылтоосу эле коп катынына тили жетпей
-4
zhykyo
2017-07-23 21:47:21
Эки же уч аял алыш керек ошон учун
-10
talant87
2017-07-23 22:33:56
кимге кандайго мен жардам бермекмин себеби эже карындаштарым бар аларда менин аялымдайго бирого жубай
+6
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-24 10:35:58
talant87,даяр подкаблучник!
-4
Djal1987
2017-07-24 13:47:02
TIMON_BERKOWITZ,кочодо кала турган кейпин бар экен тооба. Жарык жашоону аялзаттын этегинен тааныгансын эстеп жур.жарыбайсын го бул кетишинде
+4
arap00
2017-07-23 23:05:37
Эркек деген бүт нерседен болсо эч зыяны жок... Ар кимдин түшүнүгү аркандай.
+4
Holboeva92
2017-07-24 09:56:36
Менин атам майрам кундору тамак, идиш аякты оз мойнуна алчу, апама сен и так эле кундо кыласын деп. Жардам бергенден эч жери кемип же подкоблучник болуп калбайт, бул жон гана мээримдуулук, урмат сый жеп билем.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан