Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз башка элдерди бириктирген эл"

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" эл аралык форуму уланууда. "Курманжан датка" атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинде "Алтай көчү" экспозициясынын расмий ачылышы болду. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов, чет элдик жана жергиликтүү коноктор катышууда.

Алмазбек Атамбаев: "Бүгүн чоң комплекстин 1 эле павильону ачылды. Келечекте бул жерде Кыргыз көчү, Татар көчү, Казак көчү павильондору ачылат. Арабдар келет, алардын да павильону ачылат. Жаштар, унутпагыла, кыргыз кызы эч качан бети-башын чүмкөгөн эмес, кыргыздын өзүнүн кийими бар. Кыргыз кыздары эл башкарган. Өз маданиятыбызды унутпайлы. Кыргыз деген кырк ууз деген. Менде көп кызыктуу карталар бар, баарында татар же казак деп өзүнчө жазылбайт. Кыргыз казактары, Кыргыз татарлары деп жазылат, анткени Кырк ууз деген эл болгонбуз. Керек болсо кыргыз эли башка элдерди бириктирген элбиз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
barsbegKG
2017-07-21 12:37:04
Эмне деп сүйлөсө жарашат. Бирок тарыхчылардын алдында уят болуп калбасын, тилегим ушул
+1
baisogur
2017-07-21 13:02:04
Урматтуу ажобуздун созу мага таасир калтырды Кыргыз эли байыркы элбиз!
0
ZHYRGAl1412
2017-07-21 15:51:57
Молодец курук болсода элдин духун ушинтип которуп туруш керек
0
KGstan1981
2017-07-21 21:54:31
Атамбаев экономиканы которо албай.Завод фабрикаларды ачалбаганы учун элди алаксытыш учун ошондой болбогон эле Алтай элдери деп бюджеттен акча кетирип форумду откозуп жатат.Мына былтыркы жылы дагын милиартаган акча коротуп кочмон оюндарын откозду андан коро ошол акчага завод фабрикаларды ачпайбы.Атамбаевке каршы кол топтоп импичмент жарыялайлык.Атамбаев кетсин!
+2
Riokyrgyz
2017-07-22 00:56:40
KGstan1981,сен экообуз кол.топтогуча Атамбаев деле кетет,эртерээк ойлонсон болмок.
+2
Beise
2017-07-23 14:22:37
Россия жергесиндеги койгойду айдоочулук куболукту тез чечип бергени учун Атамбаевге ыраазычылык айтам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан