"Түркиянын Бодрум шаарында жер титирөөдөн корккон эл эшикке түнөштү. Жер титирөө түн ичинде болду. Эл жердин силкинишинен коркуп, керектүү буюмдарын алып көчөдө түнөштү. Элдер азыр деле дүрбөлөң түшүп, имараттардын ичине киргенден коркуп жүрүшөт", - дейт окурман.
Эске сала кетсек, Греция менен Түркиянын жээктерин бириктирип турган Эгей деңизинде күчтүү жер титирөө 20-июлдан 21-июлга караган түнү катталды. АКШнын Геологиялык кызматы маалымдагандай, зилзаланын күчү 6,7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн аймагы Түркиянын Бодрум курорттук шаарынын түштүк-батышынын 10,3 чакырымынан Грециянын Кос аралынын 16,2 чакырым аралыгында катталган дешүүдө. Ал эми очогу болсо деңиздин 10 чакырым тереңдигинде орун алганы болжолдонду. Кырсыктан Грецияда 2 адам каза болуп, 3 адамдын абалы оор. Мындан Тышкары Түркиянын Бодрум шаарында 70тен ашык адам ооруканага жеткирилген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.