Жалал-Абаддагы өзбек жаштарынын “Бегайым” коомдук-адабий фондунун мүчөлөрү Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоевге ачык кат жолдоп, кыргыз-өзбек мамилесин жандантуу маселесин көтөрүштү. Социалдык тармактар аркылуу жолдонгон ачык катта чет мамлекеттердеги этникалык өзбектерди унутта калтырбоо өтүнүчү келтирилип, бул жаатта кыргыз бийлиги жасап жаткан иштер мисал катары көрсөтүлгөн. Анда өкмөт башка өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздарга көңүл бурууну жандантканы айтылат. Ошондой эле жогорку окуу жайларда Өзбекстандагы кыргыздар үчүн орундар бөлүнгөнү белгиленип, Өзбекстандагы университеттерден деле сырттагы өзбектерге орун ажыратуу суралган.
Кайрылууда эки өлкө ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары катаал тартипте иштеп жатканы тууган-уруктардын ары-бери каттоосуна кедергисин тийгизип жатканы айтылат. Бул жагдай Өзбекстандан адабий китептердин, гезит-журналдардын келишине тоскоол жаратып, Кыргыз жериндеги өзбек тектүү калктын агартуучулук ишине да терс таасирин тийгизе баштаганы белгиленет. Кайрылуу ээлери Кыргыз мамлекетиндеги өзбек жаштары улуттук адабият өкүлдөрүн тааныбай өсүп жатканына тынчсызданып жатканын кошумчалашкан.
Кыргыз жериндеги өзбек тектүүлөр өлкө калкынын 14 пайызын түзөт. Негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында отурукташкан.