Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" эл аралык форуму уланууда.
Форумдун иши 3 секцияда талкууланууда. 1. Заманбап алтаистика: Методология жана теориясы. 2. Тарых, археология жана этнография. 3. Лингвистика. Аталган 3 багытта Алтай тектүү элдердин окумуштуу, илимпоздору тармактык изилдөөлөрдүн тегерегинде талкуу жүргүзүп жатышат.
Эскерте кетсек, аталган форум өз ишин 20-июлда Бишкектен баштаган. Иш-чара 22-июлда жыйынтыкталат.