АКШ өз жарандарына Түндүк Кореяга барууга тыюу салды

АКШ өз жарандарына Түндүк Кореяга барууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, АКШ жарандарынын Түндүк Кореяга кирүүсүнө чектөө коюлганы 27-июлда жарыяланды. Азырынча АКШ киргизген чектөөнүн мөөнөтү кайсы убакытка чейин болорун айта элек.

Туристтик компаниялардын маалыматы боюнча, бийлик Түндүк Кореяга кирүү боюнча чектөөнү бузган адам жарандыктан ажырап калуусун эскерткен.

Эске сала кетсек, июнь айынын башында Түндүк Кореяда соттолгон студент камактан бошотулуп, АКШга келгенден бир канча күн өтпөй көз жумган. Америкалык студент Отто Фредерик Уормбир Түндүк Кореядагы мейманканада үгүт плакатын айрып, уурдоого аракет кылганы үчүн сот аны 15 жылга эркинен ажыраткандан кийин, ден соолугуна байланыштуу оор абалда эркиндикке чыгарылып, мекенине жеткирилген эле.

Июнь айынын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык студенттин өлүмүнө Түндүк Корея жоопкер экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан