Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда гавар өсүмдүгүнүн даны кызуу терилип жаткандыгын SUPER.KG'нин окурманы WhatsApp аркылуу билдирди.
Билдирүүгө ылайык, гавар терүү үчүн адырга 400-500 киши чыгат.
"Гаварды райондун борборуна алып барып килограммын 45 сомдон сатабыз. Эң жакшы тергендер күнүнө 20-22 килограммга чейин теришет. Айылдарда жумуш жок болгондуктан гавар терип каражат табуу айылдыктар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду", - деп жазат окурман.
Маалымат үчүн:
Эл оозунда "гавар" деп айтылып жүргөн өсүмдүктүн илимий аталышы – каперс (латынча сapparis). Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында бул өсүмдүктү гөөл, көөл деп атап жүрүшөт. Ботаникалык китептерде коңуз баш деп да жазылган.
Жапайы өсүүчү өсүмдүк катары белгилүү. Жер жүзүндө 300гө жакын түрү кездешет. Кыргызда 1 гана түрү бар жана сары топурактуу адырларда өсөт. Мөмөсү клетчаткага, органикалык кычкылдарга жана витаминдерге бай. Ачыла элек гүлүндө белок, май, кальций, магний, йод жана витаминдер бар. Уругунан май алынып, массаж жасоодо колдонулат. Тамыры элдик медицинада дары катары пайдаланылат. Өсүмдүк тууралуу кененирээк шилтемеден окуңуз.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.