Ысык-Көлдө 22-24-августта “Экологиялык коопсуздук жана Жибек Жолундагы айлана-чөйрөнү коргоо” аталышындагы эл аралык симпозиуму өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.
Иш-чаранын негизги милдети - Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн, практиктердин, мамлекеттик ишмерлердин башын бириктирүү жана эл аралык кызматташтыкты жандантуу.
Ал эми негизги максаты – илимдеги идеялар менен бөлүшүү, тажрыйба алмашуу, Жибек Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн кызматташтыгынын келечеги, ошондой эле региондогу тобокелчиликтер менен ички маселелерди изилдөө болуп эсептелет. Симпозиумдун тематикасы өзүнө экологиялык маселелерди башкаруу, регионалдык туруктуу өнүгүү, жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, ишкерлик жана логистика, коомдук саламаттыкты сактоо, экосистеманы моделдештирүү, Геомаалыматтык систем технологиясы сыяктуу дисциплиналарды камтыйт.
III Эл аралык симпозиумга Кыргыз, Кытай Эл Республикасы, Тажикстан, Казакстандын илимдер академиясынын өкүлдөрү катышат.