Техаста жүк ташуучу унаанын ичинен 8 мигранттын жансыз денеси табылды

Американын Техас штатында жүк ташуучу унаадан 8 мигранттын жансыз денеси табылды. Окуя АКШ убактысы боюнча 23-июлга караган түнү саат 00:30да катталган. Анда аталган штаттагы дүкөндөрдүн биринин алдына жүк ташуучу унаа келип токтогон. Андагы белгисиз жаран дүкөндө иштеген кызматкерден суу алып чыгып берүүсүн өтүнгөн. Унаанын ичиндегилер шектүү көрүнгөндүктөн кызматкер суу алып чыгып берген соң жергиликтүү укук коргоо органдарына кабарлаган. Бул тууралуу полиция кызматкерлеринин бири Уильям Макманус жалпыга маалымдоо кызматтарына айтып берген.

“Биз келип жүк ташуучу унааны карап, 8 адамдын жансыз денесин таптык. Мындан сырткары унаада дагы 28 мигрант болгон. Алар катуу жаракат алышкандыктан, дароо ооруканага жеткирилген. Учурда алардын 8инин абалы оор”, - деген ал.

Азырынча окуянын себеби тактала элек. Алдын ала маалыматтарга ылайык, унаадагылар Мексикадан качып келе жаткан мигранттар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ZHYRGAl1412
2017-07-23 19:54:59
Киного
+8
Han1
2017-07-23 21:38:48
Озгочо ошо техаста ужас кинолорду коп тартышат го
+1
Ayida
2017-07-23 21:58:58
Бул кабардын чыкканына коп болдуго?Эмнеге кайра берип атышат?
-3
CEO
2017-07-23 22:22:03
Ayida, бугун го 23-июль... Сен башкасына адаштырып албадынбы?!
+1
DNurgiza
2017-07-23 22:04:16
Кудай сактаа!
+2
Arlenchik
2017-07-23 23:07:41
Дукончу азамат экен калгандарынын омурун сактап калганга себепчи болуптур кыраакылыгы менен.
+7
aika2015
2017-07-24 09:15:29
Негизи америкалыктар ушундай баамчыл болушат. Дароо эле милицияга чала калышат кинолордон деле коробуз го. Алардын тартип сакчылары да дароо келе калганы жагат. Ушул окуяны окуп тан калдым. Мен ушунчалык таш боор болуп калганмынбы деп. Эч кандай эмоция болбоду. Адам олду дегенде денен титиреп,тааныбасан да кайгырасын го...же акыркы кундору тиги олду,бул олду дегенди коп угуп таш боор болуп калдымбы...эххх жаткан жери жайлуу болсун.
+4
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-24 11:01:59
Мексикадан канчалаган мигрантар жанын тобокелге салып отууго аракеттенишет байкуштар границадан олгондор коп болот...Озубуздун мекенде шугур деп жашасак дейм митинг пикет кылбай демократияны туура пайдаланып ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан