Алмазбек Атамбаев “дерьмо” деп айткан сөзү үчүн кечирим сурады

Президент Алмазбек Атамбаев “дерьмо” деп айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Ал бул сөз орой болгону менен адабий сөз экенин айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында билдирди. Ага 70тен ашуун журналисттер жана эксперттер катышууда.

Эске салсак, 11-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен болгон расмий жолугушуу учурунда өлкө башчы өз сөзүндө айрым саясатчылар менен журналисттерди, алардын иш-аракетин “дерьмо” деп атап, сындаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан