Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 60 жашка толду. Ал 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунда дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча инженер-механик.
1981-жылы окуу жайды аяктагандан кийин кенже илимий кызматкер болуп иштей баштаган. Андан тышкары ирригациялык ишканаларда катардагы жумушчу, Ташкент ирригация жана мелиорация институтунун адиси жана биринчи проректору болгон. 1990-жылы Өзбекстандын парламентинин депутаты болуп шайланат. 1996-жылдан 2003-жылга чейин Жизак, Самарканд облустарынын акими болуп иштейт. 2003-жылы Өзбекстандын премьер-министри болуп бекитилген.
2016-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин Мирзийоев президенттин милдетин аткаруучу болот. Ошол эле жылдын 4-декабрында президенттик шайлоо өтүп жеңишке жеткен.
24-июлдун жылнаамасы.