Президент Алмазбек Атамбаевдин жайкы маалымат жыйыны бүттү


24-июлда Чолпон-Ата шаарында №2-мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны аяктады.

Алмазбек Атамбаев: "Мен көбүнчө эмоционалдуу жооп берип коюп, кийин өкүнөм. Мурда жана бүгүн катуу айткан болсом, таарынбагыла. Прессанын менин ишиме жардамы зор болду. Бүгүн өлкөдө бир нерсе жасалса, силердин да эмгегиңер бар. Бизде күчтүү пресса, күчтүү жарандык коом бар. Таарынбагыла, кийинки президент эбин таап жооп берген адам болот деп үмүттөнөм", - деп тамашалады.

Белгилей кетсек, маалымат жыйын 3 сааттан ашык убакытка созулду. Президенттик аппарат жыйынга 70тей журналист катышып, Атамбаев 60ка жакын суроого жооп бергенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан