Түркмөнстандын президенти туулган күнүнө асыл тукум жылкы белек кылганы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтты

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулган күнүнө асыл тукум жылкы белек кылганы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтты. Бул тууралуу кечээ, 24-июлда Түркмөнстандын басылмалары жазып чыгышты.

Бердымухамедов 29-июнда 60 жашка чыкканда эки президент телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
Түркмөнстандын башчысы мындай белек кылгандыгы үчүн Атамбаевге ыраазычылык билдирип, бул сый жана достуктун белгиси катары баалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз менен Түркмөнстандын президенттери эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу талкуулашкан. Мамлекеттер ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн айтышкан.

Ошондой эле Түркмөнстандын президенти Кыргыз мамлекетинин башчысын 17-27-сентябрда Ашхабад шаарында өтө турган V Азия оюндарынын спорттук мелдештердин ачылыш аземине катышууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baisogur
2017-07-25 16:27:22
Ынтымакты бекемдеп дипломатиялык катнашты мындан дагы жогорку денгелге жетишине тилектешмин
+7
nurbekasr
2017-07-25 18:34:26
Жылкыны түгөтө турган болду баардыгына белек кыла берип.Түркмөндөрдүн өздөрүнүн асылтукум жылкылары бар,бул берген жылкыны эмне кылсын.
+8
eduardali
2017-07-25 19:24:30
nurbekasr,туура айтасын андан 120койдон 10ду белек кылса болмок.
+9
Hadyja
2017-07-25 19:11:43
Биздин президентке да белектер келгенде жазып койгула ээ,интересно да аябай.Биз го,берешен элбиз.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан