Microsoft корпорациясы кардарларына Paint программасынан баш тартпоону убадалады. Бул тууралуу компаниянын блогунда жазылды.
Блогдо бул программаны Windows Store тиркемелер дүкөнүнөн бекер көчүрүп алуу мүмкүн экени маалымдалат. Microsoft корпорациясы Paint программасы колдонуучулар үчүн маанилүү экенине ынанып, 32 жыл мурун чыккан программанын сүйүүчүлөрүнөн көптөгөн билдирүүлөрдү алышканы жагымдуу болгонун билдиришкен.
Корпорация графика боюнча жаңы редакторлорун, өзгөчө Paint 3D программасын өнүктүрүүнү колго алары белгилүү болгон. Ал программа Windows 10 операциондук системине орнотулган.