Биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдүү топтордун иши убактылуу жандандырылат

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Төрага кеңешменин жыйынтыгында биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдүү топтордун ишин убактылуу жандандырууга тапшырма берди.

“Кыргыз мамлекетинин 3 миллион жараны биометриялык маалыматтарын тапшырганына карабастан, алигиче ар кандай себептер менен биометриялык каттоодон өтпөй калган адамдар бар. Биометриялык каттоодон өтпөгөн жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт. Ошондуктан жергиликтүү бийликтер менен бирге биометриялык каттоо жүргүзүү үчүн ар бир районго бирден комплект жабдуу жөнөтүү зарыл. Мобилдүү топтор 5-августка чейин иштеши керек”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2017-07-25 20:53:16
Шайлоо жакындап баратат тездеткиле ашанын ала куйруктары
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан