Канаданын Британдык Колумбия аймагынын Жогорку Соту Уинстон Блэкморду жана анын мурунку бажасы Жеймс Олерди көп аялдуулук боюнча соттоп жатат. Бул тууралуу Yahoo News басылмасы жазып чыкты.
61 жаштагы Блэкмор 1990-жылдан 2014-жылга чейин 24 аялга үйлөнүп, 145 балалуу болгон. Ал эми 53 жаштагы Олердин 5 аялы бар. Алар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча сот чечимин угуза элек.
Маалыматка ылайык, экөө тең мормондордун (Иса пайгамбардын ыйык акыркы күндөрүнүн фундаменталдык чиркөөсү) епископтору болушкан. Соттолуучулар көп аялдуулуктун тарапташтары болгон Баунтифул уруусунда жашашкан. Урууда 1500 адам жашары маалым болду.
Блэкмор көп аялы бар экенин моюнуна алып, бардык аялдары менен чиркөөнүн эрежелерине ылайык нике кыйылганын айткан. Ошондуктан прокуратура 20 жыл бою ага каршы айып коё алган эмес. Көп аялдуулукка тыюу салуу - каалаган динди кармануу укугун бузуп коймок. 2011-жылы көп аялдуулуктун жыйынтыгы диний эркиндикти чектөөгө негиз болуп, соттун чечими менен тыюу салынган. Мындан улам 2014-жылы Олер менен Блэкморду сотко чакыртышкан.
Көп балалуу атанын жактоочусунун айтымында, соттолуучу күнөөлүү деп табылса, ал көп аялдуулукка тыюу салган нормага каршы чыгат.
"Аталган чиркөөнүн мурунку президенти Уоррен Жеффс жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып, учурда Техаста жазасын өтөп жатканы маалым. Ошону менен бирге, ал азыркыга чейин уюмду башкарары айтылып келет", - деп жазылат басылманын маалыматында.
Чиркөө көп аялдуулуктан XIX кылымдын аягында баш тартса да, айрым мормончулар көп аял алууну токтотушкан эмес.