Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, "Тез жардам" унаасы менен бейтапканага жеткирилген айдоочунун абалы оор бойдон калууда. Мындай маалыматты бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сабыр Жумабаев билдирди.
"Жол кырсыгына кабылып, Шамалды-Сай шаарында бейтапканада жаткан айдоочу Д. уулу С Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келинди. Бүгүнкү күндө абалы оор бойдон калууда. Ал бирде эсине келип, бирде эсин жоготуп жатат. Эсине келген учурда түшүнүксүз, ар кайсы сөздөрдү сүйлөп жатат. Учурда ага тиешелүү медициналык жардамдар берилип жатат", - деп билдирди Жумабаев.
Маалым болгондой, айдоочунун сол буту эки жеринен, ошондой эле колу сынып кеткен. Ички органдары да жарылганы айтылган.
Эске салсак, 20-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып 8 адамдын өмүрү кыйылган.