25-июлда интернетке баланын калпакты бутуна кийип алып басып жүргөнү боюнча видео интернетке тараган. Видео Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун жанында тартылып алынган болушу мүмкүн. Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун SUPER.KG'ге билдиришинче, окуяны иликтеп чыгуу тапшырмасы берилди.
"Видеодо жолдо бара жаткан эки баланын бири бутуна калпак кийип алып, басып баратканын көрүүгө болот. Бул видео Ош шаарында тартылып алынышы мүмкүн деген божомолдон улам иликтеп чыгуу тапшырмасы берилди", - деди Сыдыков. Окуя качан жана кайсы жерде болгону белгисиз.