Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-июлда эмгек өргүүсүн алды. Бирок кайсы учурда жумушка чыга турганы белгисиз. Президенттин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге: "Президент учурда Ысык-Көл облусунда. Эмгек өргүүсүнөн качан кайтары боюнча мөөнөтүн айта албайбыз, бизге белгисиз. Биз дайыма эле мөөнөтүн көрсөтпөйбүз", - деп билдиришти.
Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 4 ирет кыска убакытка эмгек өргүүсүнө чыккан болсо, бул жылдын эсебинен январь айында Кытайга иш сапары менен барып ошол жакта 5 күн эс алган.
Эмгек кодексинин талабы боюнча президентке бир жылда 32 күн эс алуу каралган.