Оштогу Мады, Фуркат, Он-Адыр, Озгур айылдарына кетчү суу токтоп, эгиндер күйүп жатканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Оштун түштүк-чыгыш тарабындагы суу каналында 3 күндөн бери суу жок. Жай мезгилинде күн ысып турганда дыйкандарга жана жашоочуларга өтө эле кыйын болуп жатат. Ал каналдан Мады, Фуркат, Он-Адыр, Озгур айылдарынын жерлери сугарылат. Суу жок эгиндер күйүп кетмей болду, күндүн ысыгында кыйналдык", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.