Бишкек-Ош унаа жолундагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелде желдетүүчү системди оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тоннелдеги желдетүүчү систем толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Атайын коюлган пландык иштер аткарылды. Мындан ары жарыктарды алмаштыруу, тоннелдин дубалдарын жууп, тазалоо иштери жүрмөкчү. Аткарылуучу иштер 27-июлга чейин уланат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин окурман тоннелде желдетүүчү системдер иштебей жатканын айткан.