"Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген Калия Арабекованын өтүнүчүн Жогорку Сот караган жок

4 жыл мурун "Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген Калия Арабекованын "Таластын сотторуна ишенбейм, менин ишим Бишкек шаарында каралсын" деген талабын Жогорку Сот караган жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Эркингүл Шаршенбекова билдирди.

"Бүгүн биз Жогорку Сотко 2 талап менен кайрылганбыз: Биринчиси, Талас шаарынын жана Талас облустук сотунун бул иш боюнча кайрадан экспертиза өткөрүлсүн деген чечимин жокко чыгаруу. Экинчиси, соттук иш Таласта эмес Бишкекте каралсын деп талап койгонбуз. Бирок Жогорку Сот биринчи талабыбызды гана канааттандырды. Анда Талас шаардык жана Талас облустук сотунун кайрадан экспертизадан өткөрүлсүн деген чечимин жокко чыгарып, кылмыш ишин кайрадан кароо улантылсын деп Талас шаардык сотуна жөнөттү. Экинчи талап боюнча, эч кандай юридикалык негиз жок деп каралган жок", - дейт Эркингүл Шаршенбекова.

Эскерте кетсек, буга чейин Калия Арабекова ага жана анын жактоочусуна коркутуулар болуп жактоочусу Талас шаарындагы боло турган соттук отурумдарга бара албасын айткан эле.

Ал эми соттолуучулардын бири Илгиз Карымбаевдин келинчеги "Калия Арабекова коомчулукка жалган жалаа таратып, өзү сыяктуу шылуундарды команда кылып аркасына топтоп алып ушундай каралоо иштерин жүргүзүп жатат", - деген пикирин билгизгени бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
CEO
2017-07-26 13:48:52
Бул бизде адилеттуу сот системасынын жоктугунан кабар берет!!! Зордуктаган зоокурлор СДПКчы прокурорлор болсо керек да, ошол учун алар жоопко тартылбай келет, Мусабековага окшоп....
+3
altyn7776
2017-07-26 23:08:39
4 жыл эшек такалап отурдубу соттор?? карга карганын козун чокубайт да. Сотторго ишенгиче эки босогоно ишен, сот акыйкаты жыттанбай калганы качан Кыргызстанда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан